Марал Радиосу

Кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаалардын кезеги пайда болду

Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги «Ак-Тилек-автожол» жана «Чалдыбар-автожол» көзөмөл өткөрүү жайларында жүк ташуучу унаалар топтолуп турганын Чек ара кызматынан кабарлашты.

14-мартта түшкү убакытка карата «Ак-Тилек-автожол» пунктунда Кыргызстандан чыгууга 430 жүк ташуучу унаа турат. Өткөн суткада Кыргызстандан Казакстанга 342 унаа чыккан.

Ал эми «Чалдыбар-автожол» көзөмөл-өткөрүү жайында Кыргызстандан Казакстанга багыт алган 90 жүк ташуучу унаа катталган.

Тез бузулуучу азык-түлүк, жаныбарлар менен өткөн транспорт каражаттары өткөрүү жайынан кезеги жок өткөрүлүп жатканы маалымдалды.

«Кыргызстандын да, Казакстандын да Чек ара кызматы тарабынан жүк ташуучу унааларга эч кандай чектөөлөр жок. Өткөрүү жайлары штаттык режимде иштеп жатат» , — деп айтылат маалымата.