Марал Радиосу

Кайра шайлоо: Талапкер болууга арыз бергендердин саны сегизге жетти

№2 Баткен жана №9 Кара-Суу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкер болууга арыз бергендердин саны көбөйүүдө.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, 14-мартка карата №9 Кара-Суу шайлоо округунан талапкер болууга арзы бергендердин саны төрткө жетти. Алар — Бакир Бакытбек, Ганишер Бадалов, Турдубек Орунбаев, Сталбек Ажимаматов.

Ал эми №2 Баткен шайлоо округунан Алимберди Бегматов, Кенеш Салихов, Бактыяр Калпаев, Максатбек Дыйканов депутатыкка талапкер болуу үчүн арыз берген.

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-апрелге дайындалган. Депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 26-мартта аяктайт.

Exit mobile version