Марал Радиосу

Жети-Өгүздө жер тилкелерин мыйзамсыз берген кызматкер кармалды (видео)

Жети-Өгүз районунда жер тилкесин берүүдө коррупциялык аракеттер аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жети-Өгүз райондук милициясына Тамга айыл өкмөтүнүн адиси кызмат абалынан пайдаланып, көл жээгиндеги жер тилкелерин ижарага берүүдө мыйзамсыз акча алып жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн.

Текшерүүдө кызматкердин мурда алган акчаларын кайра кайтарып берүүгө аракет кылып жүргөнү аныкталган.

ИИМдин кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери атайын операция жүргүзүп, айыл өкмөттүн адисин буга чейин опузалап алып койгон акчасын жергиликтүү тургунга кайтарып берип жатканда колго түшүрүшкөн.

Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (опузалап пара алуу) менен иш козголуп, тергөө жүрүп жатканы айтылды.

Exit mobile version