Марал Радиосу

Өзбекстандын Мамлекеттик академиялык Чоң театрынын операсы Кыргызстанга келет

13-мартта, Кыргыз улуттук опера жана балет театрында Өзбекстандын Алишер Навои атындагы Мамлекеттик академиялык Чоң театрынын кызматкерлери С.Юдаковдун «Майсарынын амалдары» операсын тартуулайт.

Каармандар жана аткаруучулар:
Майсара – Азиза МУХАМЕДОВА
Ойхон – Малика АКМАЛЖОНОВА
Чупон — Хожаназар ЖУМАЕВ
Мулла Дуст – Аминзода ЖУМАНИЯЗОВ
Хожа Дарга – Өзбекстандын эмгек сиңирген артисти Шукур ГАФУРОВ
Кози – Мехритдин МЕЛИЕВ
Хидоят – Абдугани РУЗИЕВ
Дирижер – Өзбекстандын эмгек сиңирген артисти Фазлиддин ЯКУБЖАНОВ
Режиссёру – Өзбекстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Хайдарали КАСИМОВ

Ошондой эле, 14-мартта Алишер Навои атындагы Өзбекстандын Мамлекеттик академиялык Чоң театрынын дүйнөлүк классикалык жана улуттук чыгармалардын алкагында Гала-концерт өтөт.

Exit mobile version