Марал Радиосу

Абактагы журналисттердин бири үй камагына чыкты

«Темиров LIVE», «Айт, айт десе» долбоорунун кызматкери Сапарбек Акунбеков үй камагына чыкты. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, ИИМдин тергөөчүсүнүн жана жактоочунун арызы канаттандырылып, Сапарбек Акунбековду үй камагына чыгаруу чечими чыкты.

Быйыл 16-январдын таңында «Айт, айт десе», «Темиров LIVE» долбоорлорунун мурдагы жана азыркы кызматкерлеринин үйлөрүндө тинтүү жүрүп, суракка алынган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (мамлекеттик кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыкка, ошондой эле жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) менен айып тагылган.

17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту  бөгөт чарасын карап, кармалган 11 журналисттин баарын 13-мартка чейин абакта калтырган.

Exit mobile version