Кыргызгидромет борбору аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты. Маалыматка караганда, 13-15-март күндөрү аба ырайы кескин өзгөрүшү мүмкүн.
13-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаашы, айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.
13-мартта күндүз жана 14-мартта көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаайт.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
13-мартта күндүз жана 14-15-март күндөрү абанын температурасы төмөндөйт:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз -1…+4°;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6°, күндүз -3…+2°;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз +4…+9° жылуу;
Ысык-Көл ойдонунда түнкүсүн -1…-6, күндүз -3…+2°;
Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15°, күндүз -3…-8° суук;
Бийик тоолуу райондордо жана Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -16…-21°, күндүз -6…-11° суук болушу күтүлөт.
Мындай суук аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.