Марал Радиосу

Эрдоган президенттик мөөнөтү акыркы экенин айтты

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган март айындагы муниципалдык шайлоо анын президенттик мөөнөтүндө акыркысы болорун айтты. Бул тууралуу Борбор Азия медиасы Deutsche Welleге шилтеме берип жазды.

Эрдоган: “Биз деми жок чуркап жатабыз, анткени мен үчүн бул финал. Мага мыйзам тарабынан берилген ыйгарым укуктарды эске алганда, бул шайлоо менин акыркы шайлоом», — деди Түркия жаштар фондунун жыйынында.

Ал өзүнүн консервативдүү “Адилеттүүлүк жана өнүгүү” партиясы кызматтан кеткенден кийин бийликте кала берет деп ишенерин айтты.

Эрдоган 2003-жылы премьер-министр, андан кийин 2014-жылы президент болуп шайланган. 2017-жылы конституциялык өзгөртүүлөр премьер-министрлик кызматты жоюп, Эрдоганга толук аткаруу бийлигин берген.

Акырыкы президенттик шайлоо Түркияда 2023-жылы 14-майда өткөн. Соңунда Режеп Тайип Эрдоган 3-чү ирет президент болуп шайланган.