Марал Радиосу

Айсулуу Тыныбекова Түркиядагы мелдеште алтын утту

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча спортчу Айсулуу Тыныбекова эл аралык мелдеште алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Тыныбекова 62 кг чейинки салмакта 1/8 финалдан баштады. Чечүүчү алтын медаль үчүн беттеште казакстандык Ирина Кузнецованы 5:0 эсебинде жеңип, эл аралык мелдештин жеңүүчүсү аталды.

Белгилей кетсек, Yasar Dogu&Vehbe Emre аттуу эл аралык мелдеш Түркиянын Анталия шаарында өтүүдө. Ага Кыргызстандан 33 балбан катышууда.