Марал Радиосу

Мамлекет башчысы маалымат каражаттарынын жетекчилери менен жолукту

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров кечээ, 7-мартта маалымат каражаттарынын жетекчилери менен жолугушканын Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуу жабык форматта өтүп, ага 40тан ашуун ЖМК жетекчилери келген. Бийлик тараптан мамлекет башчысынан тышкары Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, башкы прокурор Курманкул Зулушев, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, ички иштер министри Улан Ниязбеков катышкан.

Алынган маалыматка караганда, отурум эң актуалдуу темаларды талкуулоо максатында уюштурулган. Баарлашуу эки сааттан ашык убакытка созулуп, коом үчүн жана түздөн-түз медиа чөйрө үчүн маанилүү маселелердин ар кандай аспектилери каралган.

Мамлекет башчысы өлкөдөгү ачык-айкын маалыматтык саясатты камсыз кылуу үчүн ЖМК өкүлдөрү менен конструктивдүү диалогду улантууга даяр экенин белгилеген.

Exit mobile version