Марал Радиосу

Эртең Кочкор-Нарын жолу 6 саатка жабылат

Эртең, 7-мартта «Кочкор – Нарын – Торугарт» жолу алты саатка жабылат. Бул тууралуу Президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдирди.

Жетекчиликтин айтымында, 12:00дөн 18:00гө чейин ашуу-белдерде көчкүлөрдү атып түшүрүү иштери жүргүзүлөт.

Ага байланыштуу Кочкордун Сары-Булагынан Нарындын Оттугуна чейинки жол жабылып, каттамдарга тыюу салынат.

Иштин жүрүшүнө жараша убакыт узарышы же кыскарышы мүмкүн экени айтылат маалыматта.