Марал Радиосу

Бишкектин түндүгү менен түштүгүн бириктирген жаңы жолдор курулат

Бишкек шаарынын түндүгү именен түштүгүн байланыштырган жаңы жолдор пайда болот. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Борбордо Иса Ахунбаев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектине түз чыга турган үч жол салынат. Атап айтканда, Юлиус Фучик, Анарбек Бакаев, Акматбек Сүйүмбаев көчөлөрүн темир жол аркылуу Лев Тольстой көчөсүнө алып чыгуу пландалып жатканы белгилүү болду.

Алсак, Кара-Дарыя жана Акматбек Сүйүмбаев көчөлөрү темир жол аркылуу бириктирилип, Жапар Шүкүров көчөсү аркылуу көпүрө курулуп, Октябрь Медеров көчөсүнө чыгарылат.

Жапар Шүкүров көчөсүндө Чыгыш Чоң Чүй каналынын үстүнөн көпүрө курулат. Анын туурасы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолду кошо эсептегенде 15 метрди түзөт.

Айта кетсек, учурда Бишкек шаарында Ахунбаев көчөсүнөн Жибек жолу проспектине түз чыккан үч эле жол: 7-апрель, Жусуп Абдрахманов, Манас проспектиси бар.