Ош шаарында мыйзамсыз кумар оюндары өткөрүлгөн мекемелер аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
УКМК Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте аймактагы кумар оюндарын мыйзамсыз уюштурууну аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Ош шаарынын бильярд клубунун ичинде жана базардын аймагында тиешелүү лицензиясы жок кумар оюндарын мыйзамсыз жүргүзгөн мекемелерди, тактап айтканда, «Русский лото» оюндары уюштурулгандыгын аныктады.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, 29-февралда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде кумар оюндарын уюштуруучулары А.у.А. жана У.K.A. кармалып, аталган жайлар мөөр басылып жабылган.