Кыргызстандагы учурдун көйгөйлүү маселелеринин бири – каржылык сабаттуулук. Бул жаатта терең билим албагандын, сабатсыздыктын кесепетинен алданып калгандар, мүлкүнөн айрылып калгандар байма-бай кездешип келет.
Бүгүнкү күндө өлкөдө каржылык сабатсыздыкты жоюу боюнча атайын окутуу курстары көп болгону менен, финансылык сабаттуулук жоюла элек. Буга байланыштуу коомчулуктун бүгүнкү күндөгү финансылык сабаттуулугу жөнүндө кеп кылабыз. Адистер акчаны туура пайдаланууну мектеп курагынан башташ керектигин айтып келишет.
Улуттук банк элдин каржылык сабаттулугунун деңгээлин көтөрүү максатында жыл сайын өлкө боюнча окутууларды, тренингдерди, кампанияларды өткөрүп келет. Каржылык сабаттуулук деген эмне? Каржылык жактан сабаттуу болуу канчалык маанилүү? Каржылык сабаттуулукту кантип калыптандыруу керек?
Улуттук банктын Коммуникация жана эл аралык кызматташуу башкармалыгынын Финансылык сабаттуулук бөлүмүнүн жетекчиси Кубаныч Мусуралиевдин түшүндүрмөсүндө, каржылык сабаттуулук – бул мүмкүн болгон финансылык кесепеттерди билип, каржылык билимин практикада колдонуу үчүн зарыл маалыматтарды алууга, түшүнүүгө жана баа берүүгө адамдын жөндөмдүүлүгү.
«Каржылык сабаттуулуктун расмий түрдө түшүнүгү – бул мүмкүн болгон финансылык кесепеттерди билип, каржылык билимин практикада колдонуу үчүн зарыл маалыматтарды алууга түшүнүүгө жана баа берүүгө адамдын жөндөмдүүлүгү. Негизи каржылык сабаттуулук жалпы сабаттуулуктай эле каржылык чөйрөдө өз билимин арттырып, ал билимин аракеттерге айландыруу, ошондой эле бул процесстердин алкагында жарандар финансылык продукттар жана кызматтар боюнча түшүнүгүн арттырат. Негизи каржылык сабаттуулук адамдын финансылык жактан жакшы жашоосуна өбөлгө түзүп, анын финансылык иш чөйрөсүнө тартылуу деңгээлине таасир этет деген түшүнүк бар. Көп учурда адамдар жашоосун рационалдуу эмес жашайт деген изилдөөлөр бар. Ошондуктан финансылык маселелер, суроолор оңой эмес болгондуктан, адамдарда каржылык маселелерде рационалдуу болушу көбүрөөк керек. Анткени ар бир адамдын кыялы, максаты бар. Ага жетүү үчүн финансылык каражаттар керек».
Адис Кубанычбек Мусуралиев адамдын финансылык эркиндикке жетиши үчүн каржылык сабаттуулук керек экенин белгиледи.
«Ошол эле учурда каржылык жактан кандайдыр бир кризистер болуп калат. Ошондой эле адамдын финансылык эркиндикке жетүү максаты бар. Буларга финансылык сабаттуулук аркылуу жете алат. Анткени каржылык сабаттуулукта акчаны туура пландап, аны көзөмөлдөп, киреше, чыгашаларын жазып, аларды оптималдаштырып жүрүү менен адам акча топтой алат. Ошол эле акчаны сактап калуу маселеси бар. Аны инвестиция кылып, көбөйтүү маселеси да бар. Ичинде көптөгөн сырлар бар. Ошонун баарын адам изилдеп, түшүнүп, ар бир чечимдери эмнеге алып келерин түшүнүү жалпы финансылык сабаттуулук десек болот. Каржылык сабаттуулук 3 компоненттер турат. Ал финансылык билим, финансылык аракеттер жана финансылык мамиле».
Каржылык жактан сабаттуу болуу канчалык маанилүү?
Каржылык жактан сабаттуу болуу абдан маанилүү. Каржылык сабаттуулук адамдын финансы жактан жакшы жашоосуна өбөлгө түзөт. Адамдын жашоо сапатына, максаттарына жетүүсүнө, инвестор же бизнес менен алектенүүсүнө финансылык сабаттуулук жардам берет. Каржылык сабаттуулуктун маанилүүлүгүн 2012-жылы “АППЭК” ири экономикалык уюмунун финансы министрлери каржылык сабаттуулукту “Критикалык жашоо көндөмү” деп кабыл алган. Аталган уюмга Австралия, Жапония, Түштүк Корея, Малайзия жана башка экономикасы күчтүү мамлекеттер кирет. 2012-жылдан баштап финансылык сабаттуулуктун маанилүүлүгү дүйнө жүзүндө жогорулай баштайт.
Улуттук банктын адиси Кубанычбек Мусуралиев Кыргызстандагы калктын каржылык сабаттуулугунун деңгээли жогорулаганын эл аралык изилдөөлөргө таянып айтты.
2017-жылы эр аралык уюмдардын бири алгачкы жолу изилдөө жүргүзүп, Кыргызстандын калкынын каржылык сабаттуулук деңгээли 11,1 баллды көрсөткөнү аныктаган. Бул көрсөткүч орточо деп эсептелет.
«Калкыбыздын каржылык сабаттуулугунун деңгээли жогорулаган. Муну эл аралык изилдөөлөр да тастыктайт. Алгачкы жолу 2017-жылы эл аралык уюмдардын бири изилдөө жүргүзүп, Кыргызстандын финансылык сабаттуулук деңгээли 11,1 баллды көрсөткөн. Бул максималдуу 21 баллдан карасак, албетте, бир аз төмөн. Акыркы жолу 2021-жылы жүргүзүлгөн изилдөөгө ылайык, көрсөткүч 11,6 баллга жогорулаган. Бул КМШ өлкөлөрүнүн орточо көрсөткүчү. Мисалы Беларусия, Орусия, Казакстан, Өзбекстандын баллдары 12ден жогору, ал эми Азербайжан, Армения, Тажикстандын баллдары 11ден төмөн. Биздин көрсөткүч орточо деңгээлде. Муну дагы жакшыртканга аракет кылыш керек. Каржылык сабаттуулук деңгээли адам кайсы жерде жашаганы, айылбы же шаарбы, билим деңгээли жана башка көрсөткүчтөр менен айырмаланат».
Адис карыжылык сабаттуулукту көптөгөн ресурстар аркылуу үйрөнсө болорун айтты. Алар кайсылар?
Улуттук банктын фин сабат деген атайын сайты бар. Ал жактан кыргыз жана орус тилинде маалымат ала аласыздар. Көптөгөн макалалар жана финансылык сабаттуулук деңгээлин текшерүүгө тесттер бар. Ошондой эле аудио жана видео роликтер бар. Сайттын социалдык тармактарда да атайын баракчалары бар. Мындан тышкары көптөгөн авторлордун китептери бар. Мисалы Робрет Кийосаки, Бодо Шефер жана башкалардын китептерин окуп чыгуу менен да көп нерсени үйрөнүүгө болот. Мындан тышкары Улуттук банк 2022-жылдан бери аймактарда 50гө жакын тренингдерди өтүп келебиз. Мурда эки күндүк болсо, азыркы учурда бир күндүк тренингдер. Анда үй-бүлөлүк бюджет, депозит, каражат топтоо, насыялар, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо, инвестиция кылуу, электрондук финансылык кызматтар жана башка актуалдуу темалар боюнча окутуулар жүргүзүлөт. Муну менен катар Улуттук банк жыл сайын дүйнөлүк акча жумалыгы жана дүйнөлүк каражат топтоо күнү деп ири маалыматтык окутуу кампанияларын өткөрүп келет. Булардын баары биздин жарандар, айрыкча жаштар үчүн. Өткөн жылы Улуттук банк 700дөн ашык иш-чара уюштуруп, 30 миңден ашык адам катышкан. Кошумча лекцияларды өтүп келебиз.
Каржылык сабатсыздык кандай кесепеттерге алып келет? Улуттук банктын адиси буга төмөндөгүдөй жооп берди.
«Каржылык жактан сабатсыз болуунун көптөгөн терс жактары бар. Эң эле жөнөкөй мисалды алсак, адам өзүнүн канча акча алганын, канча коротконун билбей калышы мүмкүн. Ал киреше, чыгашасын жазып, аны анализдеп, оптималдаштырбаса, каражат топтоого акча калбашы мүмкүн. Балким ал керексиз нерселерге чыгым кылып жаткандыр. Аны пайдалуу нерсеге жумшаса болот. Мындай адам чоңураак нерсе атып алгысы келсе же чакан бизнес ачам десе акча жетпей калышы мүмкүн. Баарыбыз билебиз мамлекеттер да күтүүсүз жагдайлардан чыгуу үчүн резерв кылат. Ал эми адамда мындай резевр болбосо кыйын болуп калат. Балким карыз алууга мажбур болот. Каржылык сабаттуулук жакырчылыкты жоюуда да инструмент катары колдонулат. Жарандардын мындай учурдан чыгып кетүүсүнө да жардам берет. Каржылык кызматтарды туура колдонууну үйрөтөт. Мисалы акчасын накталай эмес сактаган учурда коопсуздук жагынан да жакшыраак болушу мүмкүн».
Адистердин пикиринде, финансылык сабаттуулуктун деңгээли каржылык билим алуунун жыйынтыгында жогорулайт. Бүгүнкү күндө калк финансылык сабаттуулугун жогорулатуу үчүн көптөгөн ресурстарды пайдаланса болот.
Мамлекет тарабынан да элдин каржылык сабатсыздыгын жоюу максатында бир топ иштер аткарылып келет. Өкмөт тарабынан бекитилген 2016-2020-жылдарга Кыргызстандын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу программасынын координатору катары Улуттук банк аныкталган. Ушул программаны аткарууда Улуттук банк калкты көз карандысыз, объективдүү жана сапаттуу финансылык маалымат менен камсыз кылуу максатында бир топ иш-чараларды өткөргөн.
Сөзүбүздү жыйынтыктап жатып эскертерибиз, каржы адам баласынын күнүмдүк жашоосунда маанилүү роль ойнойт. Андыктан аны пайдалануу, туура иштерге жумшоо жаатында терең билим болгону дурус. Дүйнөлүк тажрыйбада ири ишкерлер тапканынын канча бир пайызын кайрымдуулук иштерге жумшап турушары белгиленген. Себеби башкалар менен канчалык бөлүшө билсе, киреше да ошончолук өсөрү иш жүзүндө далилдегенин айтышат алар.