Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев «Вечерний Бишкек» басылмасынын суроолоруна жооп берип, «Асман» шаарынын курулушу боюнча айтты.
Ал «Асман» долбоорун ишке ашыруу быйыл май айында башталарын айтып, өлкө башчы тарабынан капсула салынган бир дагы токтотулбаганын кошумчалады.
«Документ иштерине байланыштуу суроолор тынымсыз жүрдү. Инвесторлор тарабынан техника-экономикалык негиздемени кайра иштеп чыгуу боюнча сунуштар болгон, андыктан азыр бул багытта иш жүрүп жатат, акыркы баскычта.
«Асман» шаарынын курулушу май айында башталат. Мамлекет башчы капсула салган бир дагы долбоор токтогон эмес. Айрым долбоорлорду ишке ашыруу аяктаары менен башка долбоорлор дароо башталат. Бишкекте 40 миң кишилик стадион курула баштады. Бул үчүн бир миллиард сом бөлүнгөн. Жакында «Барселона» футбол академиясынын шаарчасы жана стадиондун курулушу башталат. Бардык иштер бүткөрүлөт» , — деди Каныбек Туманбаев.
Ысык-Көлдөгү Асман эко-шаарынын курулушуна 2023-жылдын 30-июнунда капсула салынган. Ага президент Садыр Жапаров, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев жана чет элдик инвесторлор катышкан.
Ысык-Көл райондагы Чырпыкты айылынын карамагындагы жерге салына турган шаардын аянты 4015 гектарды түзүп, 500 миң-700 миң адамдын жашоосуна ылайыкташат.
«Асмандын» курулушуна алдын ала эсептөөлөр боюнча 20 миллиард доллар сарпталат. Курулуш иштери толугу менен инвесторлордун эсебинен ишке ашырылат.
Алдын ала маалымат боюнча, «Асман шаары» 10 жылда толук курулуп бүтөт.