Марал Радиосу

Кыргызстан менен Монголия кызматташуу боюнча бир катар документтерге кол койду

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанга расмий сапар менен келген Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын төрагасы (парламент спикери) Гомбожавын Занданшатар менен жолугушту.

Тараптар соода-экономикалык, транспорттук, тоо-кен, өнөр жай, туризм, экологиялык, маданий-гуманитардык тармактарда эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Кыргызстандын экологиялык таза айыл чарба продукциясын Монголияга жеткирүү жаатында өз ара товар жүгүртүүнү жогорулатуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө сөз болду.

Акылбек Жапаров текстиль жана тигүү өнөр жайы артыкчылыктуу тармактар болуп саналаарын, буга байланыштуу Кыргызстан атамекендик продукцияларды коңшу мамлекеттердин гана эмес, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн рынокторуна чыгаруу үчүн Монголиянын бул чөйрөдөгү тажрыйбасын колдонууга даяр экендигин белгиледи.

Монголиянын парламентинин төрагасы транспорттук-логистикалык жана товар жүгүртүү чөйрөлөрүндө, маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү жаатында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында кызматташууга  кызыкдар экендигин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча төмөнкү документтерге кол коюлду:

-КР Улуттук банкы менен Монголия Банкынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

-КР Улуттук банкы менен Монголиянын финансылык жөнгө салуу боюнча Комиссиясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

-«Кыргызалтын» ААК менен Монголия Банкынын ортосунда кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;

-КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги алдындагы Ветеринардык кызмат менен Монголиянын өкмөтүнө караштуу Ветеринариянын башкы башкармалыгынын ортосунда ветеринария жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

-КР Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги менен Монголиянын аманаттарын камсыздандыруу боюнча корпорациясынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум.

Exit mobile version