Орус өкмөтү алты айга бензин экспорттоого тыюу салды. Бул чара 2024-жылдын 1-мартынан тарта күчүнө кирерин орусиялык маалымат каражаттары жазууда.
Маалыматка караганда, күйүүчү-майлоочу майларды экспорттоого убактылуу тыюу салуу суроо-талаптын сезондук өсүшү менен байланыштуу.
21-февралда Орусиянын вице-премьер-министри Александр Новак бензинди экспорттоого убактылуу тыюу салуу сунушу менен кайрылган. Ал жакын арада ички рынокто күйүүчү майга болгон суроо-талаптын жогорулашынын сезону башталаарын, бул жазгы талаа жумуштары учуруна, мунай иштетүүчү заводдордо пландуу оңдоо иштерине, ошондой эле жайкы эс алууларга байланыштуу экенин белгилеген.
Документте белгиленгендей, ЕАЭБ аркылуу экспорттоолорго тыюу салынбайт. Анын ичинде биримдиктин башка өлкөлөрүндөй эле Кыргызстанга да таасирин тийгизбейт.