Марал Радиосу

Акысыз юридикалык жардам алгандардын саны арбыды

https://maralfm.kg/wp-content/uploads/2024/02/акысыз-юр-жардам-музыка-менен.mp3?_=1

Өлкөдө мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды алган жарандардын саны көбөйүүдө. Юстиция министрлигинин Юридикалык жардам кызматынын маалыматына караганда 2022-жылы акысыз юридикалык жардамды өлкө боюнча 60 миңден ашык жаран алган. Ал эми 2023-жылы бул көрсөткүч 90 миңден ашык адамды түздү.

Аталган кызмат өлкөдө жарандардын укуктук сабаттуулугу артып жатканын белгилеп, кайрылгандардын саны өсүп жатканын билдирди.

Ырыс Жумалиева 2015-жылы Мамлекеттик ипотекалык компаниядан 14 пайыздык үстөк менен үй сатып алган. Ал ипотеканын үстөк пайызын убагында төлөй албай калганына байланыштуу, мамлекеттик ипотекалык компания аны карамагынан чыгарып, банкка өткөрүп берген.

Анын айтымында, 14 пайыздын үстүнө банк өзүнүн пайызын кошуп, натыйжада үстөк төлөмү 23%га чейин өсүп кеткен.

Жумалиева бул абалдан чыгуу үчүн Юридикалык жардам кызматына кайрылып, акысыз юридикалык жардам алып, сот анын пайдасына чечип берген.

“Мен 14 пайызды төлөй албай жатсам, кантип 23 пайызды төлөмөкмүн. Айыл банк мени сотко берди. Мен Юридикалык жардам кызматына кайрылып, акысыз юридикалык кеңеш алдым. Ал жактан мага акысыз адвокат жалдап беришти. Мени дароо кабыл алышты. Кезек күткөн жокмун. Арызымды таштадым. Мага адвокат беришти. Аябай жакшы адвокатка туш келиптирмин. Банк менен бир жыл соттоштук. Иш аягына чыкканга чейин адвокат жанымда болду. Дайыма байланышып турду. Жардамын аяган жок. Болгон күчүн жумшады. Иш мен тарапка чечилди. Банк тарабынан менин пайыздарым жокко чыгарылды. Адвокаттын жардамы менен бир жылдан бери төлөмүмдү үзбөй төлөп келе жатам”.

Юридикалык жардам кызматынын маалыматына караганда укуктук жардам сурап кайрылгандардын саны өткөн жылы 2022-жылга салыштырмалуу бир топ көп болгон.

“2022-жылы мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды өлкө боюнча 60 миң 692 жаран алган. Анын ичинде 16 миң 98и квалификациялык юридикалык, 44 миң 534ү консультациялык – укуктук жардам алышкан.

Ал эми өткөн жылы мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды 95 миң 162 адам алган. Анын ичинде квалификациялык юридикалык жардам 14 миң 495 жаранга, консультациялык – укуктук жардам 80 миң 667 адамга көрсөтүлгөн”.

Мыйзам алкагында мамлекет кепилдеген юридикалык жардам эки түрдө берилет. Биринчи түрү, консультациялык-укуктук жардам. Тагыраагы, юридикалык кеңеш берүү. Жардамдын экинчи түрү, квалификациялык юридикалык жардам деп аталат. Башкача айтканда, адвокаттын жардамы. Сотто, тергөөдө керектелет.

Юридикалык жардам кызматынын бөлүм башчысы Айчүрөк Камаева акыркы убакта акысыз юридикалык жардам алуу үчүн кайрылгандардын саны өсүп жатканын белгиледи.

Анын айтымында, кызмат калктын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу максатында юридикалык жардамды берүүнүн бир канча жолдорун ишке киргизген.

Камаева билдиргендей, жарандар көбүнчө социалдык, жер маселелери, үй-бүлөлүк укуктук, эмгек маселелери боюнча, документтештирүү маселелери боюнча кайрылышат.

Ошол эле учурда ал учурда калктын укуктук сабаттуулугу жогорулап жатканын айтты.

“Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы калктын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу, укуктук маданиятын кеңейтүү, деги эле мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын калкка жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында юридикалык жардамды берүүнүн бир канча жолдорун ишке киргизгенбиз. Тактап айтканда, бүгүнкү күндө өлкө боюнча жарандар акысыз чалуу жүргүзүп, 114 шыр байланыш номуру аркылуу өзүнүн тийиштүү укуктук маселеси боюнча акысыз юридикалык жардам ала алат. Онлайн түрдө дагы акысыз юридикалык жардам алууга шарттар түзүлгөн. Мындан тышкары ар кандай акциялар өтүп турат”.

Акысыз юридикалык жардам кызматынын маалыматы боюнча алыскы аймактардагы калктын көпчүлүгү мыйзам, укуктарды билбей, ар кандай кылмышка барууда. Буга байланыштуу аймактарда жашаган жарандарга акысыз юридикалык жардам көрсөтүү максатында “Тилектештик автобусу” өнөктүгү квартал сайын өткөрүлүп келет.

Анын алкагында кесипкөй, тажрыйбалуу юристтер жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү социалдык көйгөйлөрдү чечүү жолдорун айтып беришет.

Юридикалык жардам кызматынын аймактар аралык башкармалыгынын жетекчиси Толкун Эргешов бүгүнкү күндө өлкөнүн ар бир районунда кызматтын координатору иш алып барарын билдирди.

“Ош шаары боюнча 101, Кара-Суудан 26, Ноокат 49, Араван 8, Алай 21, Кара-Кулжа 9, Өзгөндөн 13 жаран кайрылган. Жалпы 227 адам оозеки кеңеш алып жатат. Мурда биздин координаторлор облустун борборлорунда эле болушса, бүгүнкү күндө ар бир райондо бар. Башкача айтканда Ош облусунун ар бир районунда бирден өкүл бар. Алар юридикалык жардам көрсөтүү боюнча өзүнчө иш алып барат”.

Биз айтып жаткан мамлекет кепилдеген юридикалык жардам кандай учурда жана кимдерге берилет? Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борборлоруна кандай маселелер менен кайрылса болот? Алар төмөнкүлөр:

— социалдык жөлөкпул жана пенсиялар

— үй бүлөлүк зомбулук маселелери

— мураска байланышкан талаштар

— никени бузуу, алимент кестирүү

— жер талашуу жана башка укуктук маселелер.

Азыркы учурда өлкө боюнча 40ка жакын акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борбору кызмат кылат.

Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам берүү борбору Кыргызстандын бардык облусунда иш алып барат. Ага жарандардын баары кайрыла алышат.

Алардын даректерин, байланыш номерлерин ukuk-jardam.gov.kg сайтынан тапсаңыздар болот.

Мындан тышкары Юридикалык жардам кызматы учурда jardam.kg сайты иштелип жатканын билдирди. Ал аркылуу да жарандар укуктук маселелери боюнча онлайнт кайрылып, тийиштүү адистерден жооп ала алышат.

Макала БУУӨПтүн жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин “Кыргыз Республикасында укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү” долбоорунун алкагында даярдалды.

Exit mobile version