Кыргызстанда бул иш жумасы узагыраак болот. Себеби беш күндүк иш жумасында иштеген кызматкерлер үчүн 2-март, ишемби жумуш күнү болуп эсептелет.
Жыл башында 8-январга чейин жаңы жылдык эс алуу болгон. Министрлер кабинетинин дем алыш күндөрүн жылдыруу жөнүндөгү токтомуна ылайык, 4-январдын жумуш күнүн 2-марттагы дем алышта иштөө керек.