Марал Радиосу

Бишкекте хоккей боюнча дүйнө чемпионатында 6 команда ойнойт

Хоккей боюнча чемпионаттын 3-дивизиондук таймашында Бишкек шаарында алты команда ойнойт. Биринчилик «Бишкек аренасында» 10-16-мартта өтмөкчү. Кыргызстандын курама командасы экинчи дивизионго чыгуу үчүн таймашат. Атаандаштар — Мексиканын, Түштүк Африка Республикасынын, Люксембургдун, Түркмөнстандын жана Таиланддын командалары.
Кыргызстандык хоккейчилердин беттеше турган күндөрү:

Кыргызстан — Таиланд, 10-март, саат 20:00;

Кыргызстан — Люксембург, 11-март, саат 20:00;

Кыргызстан — Түркмөнстан, 13-март, саат 20:00;

Кыргызстан — Мексика, 14-март, саат 20:00;

Кыргызстан — Түштүк Африка Республикасы, 16-март, саат 20:00.