Марал Радиосу

Бишкек-Баку аба каттамын жандандыруу маселеси каралууда

 Кыргызстандын Азербайжан жана Грузиядагы элчиси Кайрат Осмоналиев «Азербайжан Авиа жолдору» компаниясынын президенти Самир Муса оглы Рзаев менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Жолугушууда үстүбүздөгү жылдын экинчи кварталында Баку менен Бишкектин ортосунда түз аба каттамдарын кайрадан жандандыруу маселелери талкууланды.

Элчи Осмоналиев эки өлкөнүн ортосундагы түз аба байланышынын эки тараптуу мамилелерди чыңдоо, өзгөчө туризмди жана экономикалык дипломатияны өнүктүрүү үчүн маанилүүлүгүн жана зарылдыгын белгиледи.

Жолугушуунун соңунда тараптар мындан аркы биргелешкен кызматташууну макулдашты.