Марал Радиосу

«Китептен корккон бала». Дүйнөлүк бестселлер китеп кыргызчаланды

Bugupress басма үйү италиялык белгилүү жазуучу Сюзанна Тамаронун «Папирофобиа» китебин кыргыз тилине которду. Бул тууралуу аталган басма үйдүн директору Жаныбек Абидетегин кабарлады.

Балдарга арналган китеп кыргызча «Китептен корккон бала» аталышында чыкты. Китеп балдар менен ата-энелердин ортосундагы мамилени, диалогду чагылдырат. Балдардын психологиясы, чечими, тандоосу көркөм чыгарма аркылуу жакшы чагылдырылган.

Чыгарма 2000 нускада жарык көрүп, китеп дүкөндөрүнө таратылды.