Connect with us

Бишкек менен Ошто дыйкан-фермерлердин форуму өткөрүлөт

Кыска кабар | 19 Фев 2024 | 605 | 0

Бишкек жана Ош шаарларында республикалык агроөнөр жай форуму өткөрүлөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

«Агро-Диалог» деп аталган бул форум Бишкек шаарында 25-26-28-февралда, Ош шаарында 29-февралда, 1-2-мартта болот. Өтө турган дарек эки шаардыкы тең «Жаннат» мейманканасы деп көрсөтүлгөн.

Форумда дыйкан-фермерлер айыл чарба тармагынын алдыңкы ишкерлери менен таанышып, тажрыйба алмашат. Анын натыйжасында ишине өнөктөш табууга, өндүрүмүн сатуу иштерин жолго салууга өбөлгө түзүлөт.

Аны менен катар конференциялар, тематикалык сессиялар, B2B форматындагы аңгемелешүүлөр уюштурулат.

Форумдун биринчи күнү мал чарбачылыгы боюнча болуп, канаттуулар чарбасы, эт-сүт, жүн-тери, балык, аарычылык тармактары талкууланат.

Экинчи күнү дыйканчылык боюнча болуп, кант, жашылча, бакча өсүмдүктөрү, картошка, май, дан-эгин, тоют маселелери талкууланат.

Үчүнчү күнү багбанчылык, мөмө-жемиш өстүрүү боюнча болуп, өндүрүү, кайра иштетүү, органикалык азык-түлүк талкууланат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM