Бишкектин четиндеги Орок айылына курулуп жаткан стадион эки жылда аяктайт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунун президенти Камчыбек Ташиев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
Камчыбек Ташиевдин айтымында, 40 миң көрүүчүгө ылайыкташкан стадиондун курулушу 10-15 күндүн ичинде башталат. Андан тышкары Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт.
Жаңы стадион үчүн Орок айылынан 20 гектар 78 сотых жер бөлүнүп, 2023-жылдын 30-августунда Президент Садыр Жапаров курулушуна капсула салган.
Айта кетсек, бүгүн, 19-февралда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргыз футбол союзуна президент болуп шайланды.
Ташиев Кыргыз футбол бирикмесинин президенти болуп шайланды