Марал Радиосу

Кыргыздын макалдарын канчалык деңгээлде билесиз? (тест)

Кыргыз — байыртадан эле сөз баккан эл. Ар бир сөздү кыябына келтире, жорго тил менен сүйлөгөн. Кыргыздын улуулугу ушунда: кээде бир саат дарс окуса боло турган философиялык ойлорду бир же эки сап макалга эле батырып койгон.

Биз сиздер үчүн эл оозунда айтылып келген макал-лакаптарды чогултуп чыктык. Макалдын маанисине карап, көп чекиттин ордуна тиешелүү сөздөрдү коюп чыгыңыз.

"Ааламдын көркүн ... ачат, адамдын көөнүн ... ачат".

Correct! Wrong!

"Ага —тууган ынтымактуу болсо ... көп, абысындар ынтымактуу болсо ... көп".

Correct! Wrong!

"Баардык жигит ... тандайт, бактылуу жигит ... тандайт".

Correct! Wrong!

"Баатыр — баатырды ... тааныйт, чечен — чеченди ... тааныйт".

Correct! Wrong!

"Байлык — ... эмес, жоктук — ... эмес".

Correct! Wrong!

"Билимдүү билсе да ... , билимсиз билбесе да ... ".

Correct! Wrong!

"Дос ... сүйлөйт, душман ... сүйлөйт".

Correct! Wrong!

"Жашыңда берсин ... , карыганда берсин ... ".

Correct! Wrong!

" ... ар кимде болбойт, ... капшыты толбойт".

Correct! Wrong!

"Тамаксоонун ... толбойт, топуктуунун ... болбойт".

Correct! Wrong!

"… уулу болуу ‒ урмат, … уулу болуу ‒ кымбат".

Correct! Wrong!

" ... минген ат сурабайт, ... жеген эт сурабайт".

Correct! Wrong!

макал
жыйынтыгы:

Каап, бирок макал-лакаптарды карап чыгууга али да кеч эмес. Аракетиңиз үчүн рахмат!
жыйынтыгы:

Аракетиңиз жакшы! Макал-лакаптарды жаттоону уланта бериңиз!
жыйынтыгы:

Азаматсыз! Сиз макал-лакаптарды мыкты деңгээлде билет экенсиз!