Марал Радиосу

Кыргызстанда инвестиция тартуу үчүн жумушчу топ түзүлдү

Кыргызстанда инвестиция тартуу маселелерин жөнгө салуучу мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча эксперттик жумушчу топ түзүлдү. Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду.

Аталган эксперттик-жумушчу топтун курамына Президенттин администрациясынын, министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү, ошондой эле «Манас» эл аралык аэропортунун, «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын, Эл аралык ишкерлер кеңешинин өкүлдөрү кирет.

Эксперттик-жумушчу топ 2024-жылдын 1-ноябрына чейин ишин жыйынтыктап, тиешелүү ченемдик-укуктук актыларды Президенттин администрациясына киргизет.

Exit mobile version