Марал Радиосу

Бишкекте 8 өлкөнүн Коопсуздук кеңеши Ооганстан маселесин карап жатат

Сегиз мамлекеттин Коопсуздук кеңешинин катчылары Бишкек шаарындагы жыйынга келишти. Бул тууралуу Орусиянын Коопсуздук кеңешинин сайтында маалымдалды.

Алтынчы ирет өтүп жаткан бул отурумда Ооганстан маселеси каралып жатканы айтылат маалыматта.

Жыйынга Индиянын, Ирандын, Казакстандын, Кытайдын, Орусиянын, Өзбекстандын, Тажикстандын коопсуздук кеңешинин катчылары келген.

Анын алкагында Орусиянын коопсуздук кеңешинин катчысы менен Ирандын коопсуздук кеңешинин катчысы жолугушуп, эки тараптуу кызматташтык боюнча пикир алышкан.

Айта кетсек, Коопсуздук кеңештеринин бешинчи жыйыны өткөн жылдын февраль айында Москва шаарында өткөн.

Бул боюнча Кыргызстандын Коопсуздук кеңеши маалымат бере элек.

Exit mobile version