Марал Радиосу

«Адилетсиз чечим чыгарды» делген райондук соттун мурдагы төрагасына иш козголду

«Адилетсиз чечим чыгарган» деген шек менен Тогуз-Торо райондук сотунун мурдагы төрагасына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, К.Н. Тогуз-Торо райондук сотуна төрага болуп турганда, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, пайда табуу максатында мыйзамга жатпаган чечим чыгарган.

Тактап айтсак, Тогуз-Торо райондук сотуна Б.К. аттуу жаран Казарман айылынын Нур-Жайык кичирайонундагы батирди К.Т. аттуу адам талашып жатканын айтып арыз берген.

Бул жарандык иш алгач 2021-жылдын 9-июнунда каралып, батирге ээлик кылуу укугу Б.К.нын пайдасына чечилген.

Кийинчерээк төрага Б.К.нын мыйзамдуу өкүлүнүн жаңы ачылган жагдайлар боюнча арызы жоктугун эске албай, отурумга тараптардын өкүлдөрүн катыштырбай, отурум боюнча протокол түздүрбөй, 9-июнда чыккан чечимди 17-сентябрда жокко чыгарган.

Андан кийин ишти кайра карап, К.Т. аттуу адамды айтылган батирдин ээси катары тааныган чечим кабыл алган. Ошол эле жылдын декабрь айында батирди Ж.М.нын атына каттоосун «Кадастр» мекемесине милдеттендирген.

Учурда бул адилетсиз чечимди андан жогору турган соттук инстанциялар жокко чыгарган. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен райондук соттун мурдагы төрагасы К.Н.га Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси, 352-беренеси менен иш козголуп, тергөө иштери Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине тапшырылган.

Exit mobile version