Марал Радиосу

Монголияда мал жуттан кырылып, өлкөгө өзгөчө кырдаал жарыяланды

Монголияда мал жуттан кырылып, өлкөгө өзгөчө кырдаал жарыяланды. Бул тууралуу жергиликтүү сайттар жазып чыкты.

Өзгөчө кырдаал киргизүү чечими кечээ, 14-февралда кабыл алынган. Жуттан өлкөнүн 17 аймагында (облус) 89 сомон (айыл) катуу жапа чеккен. Кар көз ачырбай жаап, айрым жерлерде киши боюна жеткен.

Монгол калкынын басымдуу бөлүгү мал менен тирилик кылат. Малдын санын жан башына бөлүштүргөндө дүйнөдө алдыңкы орунду ээлейт.

Монголияда кыш катаал өтүп, жай кургакчыл келет. Мындай аба ырайы малчыларды түйшүккө көбүрөөк салгандыктан көпчүлүгү малын сатып, Улан-Баторго тирилик издеп, көчүп келип жатышканы буга чейин да айтылган.