Марал Радиосу

Милиция кызматкери ири өлчөмдөгү баңгизат менен кармалды (видео)

Милиция кызматкери ири өлчөмдөгү «гашиш» баңгизаты менен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

ИИМдин маалыматында милиция кызматкерлеринин арасынан кызматтык кызыкчылыктарын саткандарды, паракорлорду, мыйзамды бузгандарды, коомчулуктун алдында милиция кызматкерлеринин кадыр-баркына көө жапкандарды тазалоо жүрүп жатканы айтылат.

Маалым болгондой, 11-февралда ИИМдин ички иликтөө кызматы тергөө кызматы менен биргеликте шек жараткан төрт адамды кармап, тинтүү жүргүзгөн. Алардын жанынан ири өлчөмдөгү «гашиш» баңгизаты табылган.

Кармалган төрт адамдын биринин Кайгуул-күзөт полкунун милиционери, сержант экенин тастыктаган күбөлүгү болгон.

Соттун чечими менен А уулу Т. жана Ж.Ы. №21 тергөө абагына камакка алынган.