Марал Радиосу

УКМК, ИИМ: Криминалдан жабыркагандар дароо кайрылгыла

Мындан ары Кыргызстанда «криминалдык топ» деген түшүнүк болбойт. Бул маалымат Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен Ички иштер министрлигинин биргелешкен билдирүүсүндө айтылды.

«Кимде ким криминалдык топтор менен коюн-колтук алышып, бирге бизнес кылып, бизнеси менен бөлүшүп же ай сайын «отметка» кыла турган болсо, анда мыйзам чегинде жооп берет. Эгер кокус эле бизнесмендерден, ресторан ээлеринен, завод-фабрикалардын кожоюндарынан криминалдар «дань» сурап келе турган болсо, анда дароо УКМКга же ИИМге кайрылгыла. Түп-тамырынан жок кылабыз!» — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле УКМК борбордук жана аймактык түзүмдөрдөгү байланыш номурларын жарыялады.

УКМКнын аймактык башкармалыктары: