Кытайга жаңгак экспорттоо боюнча келишим түзүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги билдирди.
Келишимдин алкагында жалпы 10 миң тонна жаңгак жөнөтүлөт. Январь айында анын 5 миң тоннасы жиберилген.
Бул аракеттер жаңгактын экспорттук мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, Кыргызстандын өндүрүмү үчүн жаңы багыттарды издөө максатында жасалып жатканы айтылат.
Айта кетсек, Экономика жана коммерция министрлиги 15-февралдан тарта Түркияга 400 тонна жаңгак экспорттолорун маалымдаган.