Жогорку Кеңештин депутаты Абдыбахаб Боронбаев мандатын тапшырууну чечти. Борбордук шайлоо комиссиясы анын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу маселесин карайт.
Абдыбахаб Боронбаев Жогорку Кеңешке «Ата журт-Кыргызстан» фракциясынан депутат болуп шайланган.
Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун коррупциялык ишинде Абдыбахап Боронбаевдин аты аралашкан. УКМКнын маалыматы боюнча, Боронбаев жана Түштүк-Батыш бажысынын мурдагы башчысы Нурлан Ражабалиев коррупцияга айыпталган.
Боронбаев 1996-жылдан тарта бажы тармагында иштеп келген.
1996-1999- жылдары – Ош бажысынын инспектору;
1999-2003- жылдары – Мамлекеттик бажы инспекциясынын улук инспектору;
2004-2005-жылдары – Кирешелер комитетинин инспектору, Бишкек бажысынын «Ак жол» бажы постунун инспектору;
2005-2006-жылдары – Кыргыз Республикасынын бажы башкармалыгынын бажылык коргоо бөлүмүнүн башкы инспектору;
2006-2008-жылдары – «Ак-Тилек» бажы постунун улук инспектору;
2008-2012 — «Кара-Балта» постунун бажылык тариздөө бөлүмүнүн улук инспектору;
2012-жылы — Укук коргоо борборунун Бажы талаптарын сактоо тобунун инспектору;
2013-2014 — Ош шаары, Түштүк-Батыш бажысынын Бажы жол-жоболору борборунун бажы бөлүмүнүн башкы инспектору;
2014-2015 — өткөрүү пунктунун начальниги, алдын ала бажы процедуралары тобунун нөөмөтүнүн начальниги, Ош шаары;
2015-жылы Баткен Борбордук бажы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары, башчысынын милдетин аткаруучу;
2015-2016 — «Баткен» бажысынын начальниги;
2016-жылдын апрелинен 2018-жылдын августуна чейин «Манас» бажысынын башчысы;
2018-жылдын 24-августу – 4-октябрь, 2019-жыл – Түндүк-Чыгыш бажысынын башчысы.