Марал Радиосу

Kyrgyz Stand Up’чылары Берлинде концерт койду

Кыргызстандыктар Kyrgyz Stand Up иш-чарасын Германиянын Берлин шаарында биринчи жолу өткөрүштү. Бул тууралуу Кыргызстандын аталган өлкөдөгү элчилигинен кабарлашты.

Kyrgyz Stand Up концертин Берлиндеги кыргыз диаспорасы элчиликтин көмөгү менен Кыргызстандан Мыктыбек Мукаев, Самат Эркинбеков, Кубаныч Курманбеков жана Бактияр Тынаев өңдүү белгилүү куудулдардын катышуусунда  уюштурду.

Ага Кыргызстандын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев да катышып, мындай иш-чаралар жаштар арасында кыргыз тилине болгон кызыгууну арттырарын белгиледи жана эне тилдин заманбап дүйнөдө сакталып, өнүгүшүнө өбөлгө түзөрүн айтты.