Марал Радиосу

Кыргызстандык мушкер Болгарияда алтын утту

Кыргызстандык мушкер Анвар Ходжиев Болгарияда өткөн эл аралык мелдеште алтын утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Биринчилик Болгариянын София шаарында өткөн. Мушкер 48 кг чейинки салмакта 1/4 финалдык беттеште украиналык Денис Биленкону утуп, жарым финалда грузиялык Сахил Аллахвердовду жеңген.

Алтын медаль үчүн беттеште индиялык мушкер Шагольшем Барун Сингхдини жеңди.