Марал Радиосу

Өзбекстанда кыргыз-өзбек достугуна арналган иш-чара өттү

Анжиян облусунун Жалалкудук районундагы № 29 кыргыз орто мектебинде “Өзбекстан — жалпыбыздын үйүбүз” урааны астында кыргыз-өзбек достугуна арналган иш-чара өттү. Бул тууралуу Анжиян облустук кыргыз улуттук маданий борборунун төрагасы Абыт Насиров билдирди.

Анын айтымында, “Абат жана коопсуз махалла – бекем тынчтык” кепилдиги темасында өткөн иш-чарада Өзбекстан жана Кыргызстан жолбашчыларынын жүргүзүп жаткан адилетүү саясатынан улам, күн сайын өркүндөп жана чыңалып бара жаткан, кылымдарды карыткан кыргыз-өзбек достугу тууралуу кенен кеп болду.

Эскерте кетсек, Анжиян мамлекеттик университетин филология факультетинде “Кыргыз тили жана адабияты” боюнча адистер даярдалат, облуста 21 орто мектепте окуу кыргыз тилинде алып барылат.