Марал Радиосу

Кыргызстандын 7 жараны Казакстанда кар күрткүдө калды

Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун маалыматына ылайык, 8-февраль күнү Казакстандын Актөбө облусунда аба-ырайы кескин өзгөрүлүп, бороондон улам Самара – Шымкент унаа жолу кар күрткү пайда болуп, каттам эки тараптуу жабылган.

Унаа жолдо Кыргызстандын 7 жараны Казакстандын Ак-Төбө облусунун Кара-Бутак айылында кар күрткүдө калгандыгы такталган. Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандар менен байланышканда, абалдары жакшы экендигин жана жол техниканын жардамы менен ачылып, Россия Федерациясына багытын улагандыгын билдиришкен.

Учурда 1000ге жакын унаалар жолдо турат. Башка кыргызстандыктарды тактоо иши жүрүүдө.