Марал Радиосу

Кыргызстандын жаңы муфтийи Абдулазиз кары Закиров болду

Бүгүн, 10-февралда Кыргызстан мусулмандарынын VIII кезексиз курултайы өтүп, анда Абдулазиз кары Закиров Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи кызмат ордуна бекитилди.

Абдулазиз кары Закиров 1979-жылдын 29-апрелинде Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Жети-Кошкон айылында туулган. Ал аталган айылдагы С. Нурдавлетов атындагы №24 орто мектебинде билим алган.

Билими: жогору

1993-1998-ж.ж: Түркия мамлекетинин Стамбул шаарындагы хафыздык Куран курсунда окуган;

2009-2015-ж.ж: Бишкек шаарындагы «Расул Акрам» ислам институтунда илим алган;

2015-2018-ж.ж: Укук-Бизнес жана билим берүү академиясынын юриспруденция адистиги боюнча бүтүрүүчү.

Абдулазиз кары Закиров 2021-жылдан бери Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун баш имам-хатиби болуп эмгектенип келген.