Марал Радиосу

Блогер Батмакан Жолболдуева акча талап кылууга шектелип кармалды (видео)

Блогер Батмакан Жолболдуева «опузалап акча талап кылууга» шектелип кармалганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады.

УКМК тараткан маалыматка караганда, блогер ушул жылдын январь айында Жалал-Абад шаарындагы коомдук тамактануу жайларынын бирине барып, санитардык-эпидомиологиялык талаптарга жооп бербегени үчүн видеого тарткан.

Андан кийин видеону «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялап, талапка жооп бербеген коомдук жайды мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн кызматкери калкалап жатканын жазган.

«Интернетке жүктөгөн материалды алып салуу үчүн Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин кызматкеринен 25 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылган. Үстүбүздөгү жылдын 6-февралында Ж.Б.Т. УКМК кызматкерлери тарабынан 25 миң өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен кармалды», — деп айтылат маалыматта.

Айта кетсек, «Акипресс» маалымат агенттигинин Баткен облусундагы кабарчысы, журналист Арзыгүл Галымбетова 2022-жылдын 25-мартында ооруканада каза тапкан. Анын өлүмүнө шектүү катары 28-мартта Батмакан Жолболдуева кармалган.

Кийинчерээк 2023-жылдын 22-майында Баткен облустук соту журналисттин өлүмү боюнча актап, бирок «ээнбаштык» беренеси боюнча 50 миң сом айып салып, сот залынан бошоткон.