Марал Радиосу

Нарындын милиция кызматкерлерине жаңы унаалар берилди

Нарын облусундагы милиция бөлүмдөрүнө 10 кызматтык унаа ташырылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Нива» үлгүсүндөгү унаалар «Коопсуз өлкө – туруктуу келечек» форумунун алкагында, милиция бөлүмдөрүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо, калкты тейлөө сапатын жакшыртуу максатында берилген.

Тапшыруу салтанаты Нарын шаарындагы Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянтта өтүп, ага ички иштер министринин орун басары, генерал-майор Октябрь Урмамбетов катышкан.

Унаалар беш райондогу айылдык милиция бөлүмчөлөрүнө, Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн жана Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын коомдук коопсуздук кызматтарына бөлүштүрүлгөн.