Марал Радиосу

Акылбек Жапаров Түркия мамлекетине барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Түркия мамлекетине расмий сапар менен барды.

Аны Анкара шаарындагы «Эсенбога» эл аралык аэропортунан Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз тосуп алды.

Расмий сапардын алкагында Акылбек Жапаров 10-12-февраль аралыгында Соода-экономикалык кызматташтык боюнча Кыргызстан-Түркия өкмөттөр аралык комиссиясынын XI жыйынына, Кыргыз-түрк бизнес форумуна катышат.

Андан тышкары расмий өкүлдөр менен, ишкерлер менен жолугушууларды өткөрөт. Түркиянын ишканалары менен таанышат.

Жолугушуулардын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлат.