Марал Радиосу

Журналист Эрмек Аттокуров камакка алынды (видео)

Журналист Эрмек Аттокуров «опузалап талап кылууга» шектелип, камакка алынды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Облустук ички иштер башкармалыгы берген түшүндүрмөдө Эрмек Аттокуров жана Т. А. аттуу дагы бир адам алдын ала сүйлөшүп алышып, укук коргоо кызматкерлеринен 1 млн сом талап кылганы айтылат.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси менен иш козголуп, 8-февралда Эрмек Аттокуров талап кылган акчанын 10 миң сомун алып жатканда колго түшкөнү маалымдалган.

Айта кетсек, Эрмек Аттокуров 2023-жылдын 11-мартында үйүнүн короосуна мас адам кирип келип кол салганын, аны милиция кызматкерлерине байлап бергенин айтып, окуя учурунда тартылып алынган видео жарыялаган. Ошондой эле Сокулук райондук милиция кызматкерлери шектүүгө иш козгобой, кайра өзүн күнөөлөп жатышканын маалымдаган.

Кийинчерээк кошунасы «таштандыны үйүмдүн алдына таштайсың» деп, ур-токмокко алганын айтып, Эрмектин үстүнөн арыз жазганын Чүй облустук ички иштер бөлүмү билдирген.

Эрмек Аттокуров 7-февралда «Фейсбук» баракчасына: «Жакынкы аралыкта Чүй облустук жана Сокулук райондук милициясы тарабынан мага карата «провакация» же «подстава» болушу мүмкүн. Чөнтөктөн же машинеден жашыл түстүү белгисиз заттарды «таап алышы» деле ыктымал. Азыр буларга толук «ишенип» калдым», — деп жазган.

Эрмек Аттокуров 1986-жылы туулган. Буга чейин «XXI кылым (Белес)», «Каухар» радиолорунда, «Марва ТВ», «Бешинчи канал», НТС телеканалдарында эмгектенген.