Марал Радиосу

Шаардык сот блогер Ырыс Жекшеналиевди актаган өкүмдү күчүндө калтырды

Бишкек шаардык соту активист, блогер Ырыс Жекшеналиевдин иши боюнча прокурордун апелляциялык арызын карап, Биринчи Май райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырды.

2023-жылы 4-декабрда Ырыс Жекшеналиевге карата коюлган айыптар алынып, толук акталган. Андан кийин прокуратура Ырыс Жекшеналиевге карата райондук соттун актаган чечимине каршы  шаардык сотко арыз берген.

Укук коргоочулардын маалыматына караганда, прокуратура 7 жыл сурап, ишти жаңы тергөөгө кайтарып берүүнү өтүнгөн.

«Полит узник» фейсбук баракчасынын администратору, блогер Ырыс Жекшеналиев 2022-жылы 14-августта УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин «Жетим-Тоонун» казылуусуна каршы чыккан эски видеосун жарыялагандыгы үчүн суракка чакырылып, камакка алынган.

Ага карата Кылмыш-процессуалдык кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө жана массалык баш аламандык уюштурууга чакыруу) менен кылмыш иши козголгон.

Exit mobile version