Марал Радиосу

Жогорку Кеңеште Элдар Абакиров ант берди

Жогорку Кеңешке «Альянс» партиясынын тизмеси боюнча депутат болуп келген экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров парламенттин 7-февралдагы жыйынында ант берип, депутаттык ишине киришти.

Борбордук шайлоо комиссиясы 2-февралда «Альянс» фракциясынын депутаты Эмил Жамгырчиевди мандатынан ажыраткан. Ошол эле күнү Элдар Абакиров менен Айсулуу Мамашовага мандат берилген.

36 жаштагы Айсулуу Мамашова Жогорку Кеңештин буга чейинки чакырылышында «Ата Мекен» фракциясынан депутат болгон.

43 жаштагы Элдар Абакиров 2016-жылдын май айынан 2019-жылдын июнь айына чейин экономика министринин орун басары болуп иштеген. 2021-жылы президенттикке талапкер болгон.

Билими:
  • 2002 — Ал-Фараби атындагы Казак улуттук университетин нейросеть жана маалыматтык коопсуздук адистиги боюнча аяктаган;
  • 2004 — Каракол шаарындагы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын экономика жана юридикалык факультетин бүтүргөн;
  • 2004 — Ал-Фараби атындагы Казак улуттук университетинде нейросеть жана маалыматтык коопсуздук адистиги боюнча магистрлик даражасын алган.
  • 2006 — Ал-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин механика-математика факультетинин аспирантура даражасына ээ болгон.
Эмгек жолу:
  • 2002 — Алматы шаарындагы «Казакстан темир жол транспорту илимий-изилдөө институтунун» программист-аналитиги;
  • 2003 — Алматы шаарындагы «Банк ЦентрКредит» банкынын Казына департаментинин ресурстарды башкаруу борборунун адиси;
  • 2004 — Алматы шаарындагы «Банк ЦентрКредит» банкынын Казына департаментинин ресурстарды башкаруу борборунун жетектөөчү адиси;
  • 2005-2010 — Алматы шаарындагы «Банк ЦентрКредит» ААК Казына департаментинин директорунун орун басары;
  • 2010-2011 — Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын банктык көзөмөл блогунда эксперт;
  • 2011-2016 — Эл аралык «Ала-Тоо» университетинде окутуучу.
  • 2016-2019 — Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары.
2012-жылдан тарта ишкерлик менен алектенип, бир нече долбоорлорду ишке ашырган. 
Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.