Марал Радиосу

Орусиянын соккусунан Украинада эки айлык ымыркай чарчап калды

Орусиянын соккусунан Украинанын Харков облусунда эки айлык ымыркай чарчап калды. Бул маалыматты жергиликтүү аскер администрациясынын башчысы Олег Синегубов Телеграм-каналына жазды.

Маалым болгондой, Орусия армиясы С-300 ракетасы менен Золочев кыштагындагы үч кабаттуу мейманкага сокку урган.

Куткаруучулар жардырылган имараттын урандыларынын астынан 2023-жылдын 4-декабрында төрөлгөн ымыркайдын сөөгүн жана да бири 21 жаштагы, бири 28 жаштагы, бири 39 жаштагы үч келинди жарадар абалда табышкан.

21 жаштагы келин чарчап калган ымыркайдын апасы болгон. Учурда ал операция болгону, абалы орто экени айтылган маалыматта.

Ал эми 39 жаштагы жана 28 жаштагы келиндердин колу-буттары сынып кеткен. Дарыгерлер абалы канааттандырарлык деп баалашкан.

Жергиликтүү маалымат булактарынын жазганына караганда, Золочев кыштагында андан башка да 19 объекти талкаланып калган.