Марал Радиосу

Бишкекте УКМКнын академиясы ачылат

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин академиясын ачуу боюнча жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Документ «Эркин-Тоо» гезитине 2024-жылдын 2-февралында жарыяланды.

Академия түзүү чечими улуттук коопсуздук органдары үчүн жогорку квалификациялуу адистерди, башкаруучу жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоонун бирдиктүү тутумун түзүү, илимий-изилдөө иштерин кеңейтүү максатында кабыл алынган.

Атайын кызматтын алдында академия ачылары 2022-жылы маалым болгон, ошол жылы март айында академиянын пайдубалына капсула салынган.

1993-жылдын 19-апрелинде Улуттук коопсуздук министри, генерал-лейтенант А.К. Бакаев министрликтин алдында атайын Окуу түзүмүн ачуу буйругуна кол койгон.

Бул окуу бөлүмү кийин жогорку курс, андан соң окуу борбору аталган. Өкмөттүн 2011-жылдын 28-мартындагы токтомуна ылайык, аталган окуу борбору бүгүнкү күндө УКМКга караштуу генерал-лейтенант А. К. Бакаев атындагы Кесиптик кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институту аталып жүрөт.

Азыркы кезде УКМКга кызматка алынып жаткандардын дээрлик көпчүлүк бөлүгү ушул институттан окуп, кайра даярдыктан өтүүдө.