Марал Радиосу

Бишкек ЖЭБиндеги кырсык. Түркияга жөнөтүлгөн бейтаптардын абалы оор

Бишкектен Түркияга дарылануу үчүн жөнөтүлгөн бейтаптардын абалы оор бойдон экенин Haberler басылмасы жазды.

Бейтаптар Адана шаардык окуу жана изилдөө ооруканасында дарыланууда.

Оорукананын башкы дарыгери Мехмет Волкан Харпут билдиргендей, кечээ өрттөн жана тик учак кырсыгынан жаракат алган 4 адам жеткирилген.

«Күйүк алган бейтаптардын абалы бир аз оор. Тик учак кырсыгында жараланган учкуч аскерлер учурда хирургиялык реанимация бөлүмүндө дарыланууда, алардын абалы салыштырмалуу туруктуу», — деди дарыгер.

Оорукананын күйүк борборунун билим берүү кызматкери жана жалпы хирургия адиси Корай Даш:

«Чындыгында жарааттары оор. 60 пайыздан ашыгы 3-даражадагы күйүк алган. Биз аларды кечиктирбестен дарылоону баштадык. Учурда бул бейтаптарды хирургиялык жактан да, медициналык жактан да дарылоо иштери жүрүп жатат. Дарылоо процесси узакка созулат», — деп билдирди.

Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги Бишкек жылуулук электр борборундагы жарылууда жабыркаган эки адам жана январда тик учактын кулашынан жабыркаган эки аскер кызматкери дарылануу үчүн Түркияга жөнөтүлгөнүн билдирген.

2-февралга караган түнү болжол менен саат 03:00дө Бишкек ЖЭБинде авария катталып, жабдуулар иштен чыккан. Беш адам жабыркап, ооруканага түшкөн. Алардын экөөнүн абалы оор болчу.

Ал эми  17-январда Бишкектин четиндеги «Фрунзе-1» авиабазасында тик учак кулап, бир аскер каза болуп, калган 10 жоокер ар кандай жаракаттарды алып, 4-шаардык ооруканага жана Улуттук госпиталга кайрылышкан.