Марал Радиосу

13 млн 850 миң сомдук зыян: СЭЗ «Бишкектин» кызматкерлерине иш козголду

«Бишкек» эркин экономикалык аймагында 13 млн 850 миң сомдук мамлекеттин мүлкү мыйзамсыз жеке менчикке сатылып кеткен. Бул маалыматты Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Эркин экономикалык аймакка Бишкек шаардык прокуратурасы текшерүү жүргүзүп, канча жыл мурун жасалган мыйзамсыз ишти таап чыгышкан.

Маалым болгондой, 1997-жылы мамлекеттин карамагындагы өндүрүштүк имарат 428,8 чарчы метр аянтты ээлеген жери менен кошо «И-м Т-ко» ЖЧКсына 40 жылдык ижарага берилген.

2002-жылы «Бишкек» ЭЭА менен аталган ЖЧК мыйзамсыз түрдө сатып алуу-сатуу келишимин түзүшүп, өндүрүштүк имаратты «F-M» ЖЧКсына жеке менчикке чыгарып беришкен.

2021-жылы «Кадастр» мекемесинин Бишкек филиалынын кызматкерлери 19 жыл мурда түзүлгөн мыйзамсыз келишимди каттоодон өткөрүшүп, F-M ЖЧКсынын менчигине биротоло бекитишкен.

Натыйжада бул мыйзамсыз аракеттерден мамлекеттин казынасы 13 млн 850 миң 785 сом зыян тарткан.

Фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу), 245-беренеси (коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу) менен иш козголуп, учурда тергөө жүргүзүлүп жатат.

Аны менен катар Бишкек шаарынын административдик сотуна 2002-жылдагы сатып алуу-сатуу келишиминин каттоосун жараксыз деп табуу боюнча доо арыз жөнөтүлгөн.