Марал Радиосу

Ак-Суу райондук эмгек башкармалыгынын имараты өрттөнүп кетти

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Ак-Суу райондук башкармалыгынын имараты өрттөнүп кетти. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Кырсык бүгүн, 6-февралда түнкү саат 2:00 чамасында болгон. Өрт убагында өчүрүлгөнү, жабыркагандар жок экени айтылган маалыматта.

Сүрөттөн көрүнүп тургандай, имарат таптакыр жараксыз абалга келип калган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул туурасында азырынча маалымат бере элек.