Марал Радиосу

Кыргыз-тажик чек арасынын дагы 3,7 чакырымы боюнча макулдашылды

Министрлер кабинети 30-январдан 5-февралга чейин Кыргызстан менен Тажикстандын топографиялык жумушчу топторунун, чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу Баткен шаарында өткөнүн кабарлады.

Жолугушууда топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 3,71 чакырымы боюнча макулдашышты. Калган аймактарды сыпаттоо иштерин Тажикстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда улантышат.

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.

Exit mobile version