Бишкек жылуулук электр борборундагы жарылуунун очогу аныкталганын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урмат Шамырканов «Биринчи радионун» эфиринде айтты.
Анын маалыматына караганда, жарылуунун күчү катуу болгондуктан, айнек сыныктары менен шыйпырдын сыныктары жүз метрге чейин чачырап кеткен. Жарылуунун кесепетинен 650-680 чарчы метр чатыр толук талкаланып калган.
«Биздин өрт өчүрүү кызматы жарылуунун булагын аныктады. Жарылуу 14-буу казандын жанында жайгашкан майдалагычта болгон. Ал көмүрдү майдалоо үчүн колдонулат, андан кийин көмүр түздөн-түз буу казанга берилет. Бул жарылуунун булагы болгон», — деди ал.
Ал ошондой эле учурда жарылуунун себептерин аныктоо боюнча иликтөө иш-чаралары жүрүп жатканын, буга чейин Бишкек прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголгонун билдирди. Борборду калыбына келтирүү иштерине миңден ашык адам тартылган.
2-февралга караган түнү болжол менен саат 03:00дө Бишкек ЖЭБинде авария катталып, жабдуулар иштен чыккан. Беш адам жабыркап, ооруканага түштү. Аварияга байланыштуу шаар тургундарына ысык суу берүүдө чектөө киргизилди.
ЖЭБдеги авариялык абалдын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча иш алып баруу үчүн ыкчам штаб түзүлгөн. Президент Садыр Жапаров авария борбордун эски бөлүгүндө болгонун, эми ЖЭБ толук жаңыланарын айткан.